Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-февралы №157-V
Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонуунун тартиби тууралуу
Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнундө Кыргыз Республикасынын кодексинин 10-беренесинин 1-белүгүнүн 29-пунктуна, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум откөpүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-белүгүнүн 25-пунктуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр таандык кылынган: шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо, аларга ырастамаларды жана белгиленген үлгүдөгү төш белгилерин тапшыруу.
Мында, эгерде саясий партиянын тизмеси боюнча шайлангандан кийинки депутаттыкка талапкер бошотулган мандаттан ыктыярдуу баш тартса же болбосо ырастаманы, төш белгисин тапшырууга жана ант алууга келбесе, тизме боюнча кийинки кезектегиге Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын берүүнүн жол-жобосу Шайлоо жөнүндө кодекс менен жөнгө салынган эмес.
Шайлоо жөнүндө кодекстин 78-беренесинин 2-бөлөгү менен шайланган депутаттарды шайлоонун натыйжалары аныкталгандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна коошпогон ыйгарым укуктарды алып коюу жөнүндө арыздар алынгандан кийинки үч күндүн ичинде каттоонун мөөнөтү белгиленген.
Шайлоо жөнүндө кодекстин 78-беренесинин З-бөлүгүнө ылайык депутаттык мандатты бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат мөөнөтүнөн мурда чыгып калган учурда анын мандаты Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча ошол эле тизмеден шайлангандан кийинки талапкерге берилет.
"Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 10-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бош калган мандатты ээлөө менен байланышкан бардык маселелерди чечүү Борбордук шайлоо комиссиясынын компетенциясына кирет жана кошумча жөнгө салууну талап кылбайт.
Бош мандатты алуудан ыктыярдуу баш тартуу жөнүндө депутаттыкка талапкерлерден келип түшкөн жазуу жүзүндөгү арыздар "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралууга тийиш.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин саясий партиянын тизмеси боюнча шайлангандан кийинки Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин бош калган мандат алуудан ыктыярдуу баш тартуусу бөлүгүндөгү өксүктөрүн четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун натыйжасында түзүлгөн бош мандатты ээлөөнүн тартибин аныктаган конституциялык мыйзам кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 78-беренесинин З-бөлүгүн жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алсын.
2. Бош мандатты алуудан баш тартуу жана саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен өзун чыгарып салуу жөнүндө депутаттыкка талапкерден келип түшкөн жазуу жүзүндөгү арыз "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралат.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Г.А.Скрипкина) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Келдибеков
|
КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 21-майындагы № 4057-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-январы № 130-V
Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонуунун тартиби тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүлгөндүгүнө, ошондой эле башка жагдайларга байланыштуу азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыктан мандаттар бош калды.
Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кодекстин 78-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык талапкерлердин тизмеси боюнча саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат мөөнөтүнөн мурда чыгып калган учурда анын мандаты Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча ошол эле тизмедеги шайлангандардан кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун натыйжасында түзүлгөн бош калган мандатты ээлөөнүн тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.
Андан тышкары "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Конституция күчүнө киргенге чейин колдонууда болгон мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кодекс Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартибин, анын сандык курамын, депутаттыкка талапкерге карата курактык цензди, ошондой эле парламентте мандаттардын 65инен ашыкты алган саясий партия үчүн сандык эң чоң босого бөлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук акты түрүндөгү бөлүктө гана Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келет. Калган бөлүгүндө Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кодекс Кыргыз Республикасынын Конституциясына, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун натыйжасында түзүлгөн бош калган мандатты ээлөө тартибинин бөлүгүндө каршы келбейт, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясы шайлоо процессинин тартибин деталдаштырбайт.
Конституциялык мыйзам менен мыйзам бири-биринен кабыл алынуу тартиби жана анын натыйжасы катары юридикалык күчүнүн даражасы менен айырмаланаарын, башкача айтканда мыйзамдарды кабыл алуу квалификациялык добуш берүүнү талап кылбагандыгын, конституциялык мыйзамдар Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүгү менен кабыл алынаарын да белгилей кетүү зарыл.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыктан бош калган мандаттарды ээлөөнүн тартибин аныктаган конституциялык мыйзам кабыл алынганга чейин депутаттын бош калган мандатын ээлөөдө Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин ченемдерин колдонсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетине (Г.А.Скрипкина) жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Келдибеков
|