Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 44-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2011-жылдын 11-февралы № 167-V
Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 10-майындагы № 1900-V токтомунун редакциясына ылайык)
Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмга катышкан өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууну андан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын таанып, ЕККУнун алкагында парламенттер аралык байланыштарды активдештирүүгө умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:
Р.К.Акназарова;
Ч.А.Турсунбеков;
А.А.Артыков;
У.С.Чолпонбаев;
Т.Балтабаев.
(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 10-майындагы № 1900-V токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.К.Акназарова парламенттик делегациянын башчысы болуп шайлансын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 10-майындагы № 1900-V токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Турсунбеков парламенттик делегациянын башчысынын орун басары болуп шайлансын.
4. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
5. 2008-жылдын 14-февралындагы № 169-IV "Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту ден табылсын.
Төрага | А.Келдибеков
|