Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 44-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

2011-жылдын 11-февралы № 171-V

Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 19-майындагы № 474-V токтомунун редакциясына ылайык)

 

Парламенттер аралык Бирликтин алкагында активдүү парламенттер аралык кызматташууга умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:

А.К.Келдибеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы;

Т.В.Левина, Т.А.Мамытов;

З.А.Алымбеков, Э.Эрматов;

Р.Шин;

К.С.Самаков, А.М.Маматов;

А.М.Режавалиев.

(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 19-майындагы № 474-V токтомунун редакциясына ылайык)

2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

3. 2008-жылдын 14-февралындагы № 174-IV "Парламент аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

Төрага

А.Келдибеков