Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 44-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2011-жылдын 11-февралы № 174-V
Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
Активдүү парламенттер аралык кызматташууга умтулуп жана Азия Парламенттик Ассамблеясына катышкан өлкөлөрдүн ортосундагы ар тараптуу парламенттик кызматташууну андан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:
А.К.Келдибеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы;
Т.Т.Туманов;
К.Осмоналиев;
Н.А.Андаров;
Ш.Айтматова;
Р.К.Акназарова.
2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
Төрага | А.Келдибеков
|