Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-февралы № 189-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2010-жылдын 31-декабрындагы № 345 токтом) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Бөтөлкөгө куюлган минералдык жана газдалган сууларды, ошондой эле кант кошундуларын же башка таттуулаштырылган же даамдуу-жыпар жыттуу заттарды камтыган минералдык жана газдалган суусундуктарды чыгарууну жана сатууну контролдоонун ченемдери менен механизмдерин караган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын катышуусу менен иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | А.Келдибеков
|