Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-февралы № 194-V
"Транзиттик ташуулар борборуна реактивдүү отун жөнөтүүнү камсыз кылуучу компания тарабынан төлөнүүчү атайын төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаров жана Ө.Абдырахманов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Транзиттик ташуулар борборуна реактивдүү отун жөнөтүүнү камсыз кылуучу компания тарабынан төлөнүүчү атайын төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Ү.Жапаров), Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Т.Сулайманов), ошондой эле Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.А.Арапбаев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана биринчи окуунун режиминде экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Келдибеков
|