Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-февралы № 197-V
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияга тапшырма жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана депутаттарынын тобунун республиканын түштүк регионуна баруусунун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош областынын Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнүн Сары-Мазар көрүстөнүндөгү Курманжан Датканын күмбөзүн 2011-жылдын 1-июнуна чейин калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды даярдоо менен өткөрүү Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияга тапшырылсын.
2. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияга сатып алууларды бир булактан усулу менен жүзөгө ашырууга уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Ж.А.Джолдошова) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков
|