КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-февралы № 206-V
"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Бакир уулу, А.Ү.Жапаров, К.Осмоналиев жана А.Ш.Султанов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Ж.А.Джолдошова) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Келдибеков
|