Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 3-марты № 216-V
"Транзиттик ташуулар борборуна реактивдүү отун жөнөтүүнү камсыз кылуучу компания тарабынан төлөнүүчү атайын төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаров жана Ө.Абдырахманов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Транзиттик ташуулар борборуна реактивдүү отун жөнөтүүнү камсыз кылуучу компания тарабынан төлөнүүчү атайын төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин (А.Б.Баатырбеков), Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин (А.А.Арапбаев) ошондой эле Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин (Т.Мадылбеков) кароосуна жиберилсин.
Төрага | А.Келдибеков
|