Загрузка документа…
КЫРГЫ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2011-жылдын 3-марты №220-V
Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуу жөнүндө
М.М.Мамытовдун республиканын саламаттык сактоосунун өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымын, активдүү илимий-педагогикалык жана коомдук ишмердигин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Миталип Мамытович Мамытовго "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө маселени кароо Кыргыз Республикасынын Президентинен өтүнүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А. Келдибеков
|