Редакцияот 03.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2011-жылдын 3-марты N 221-V

"Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 26-январындагы N 27 токтом) "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Жогорку Кеңештин кароосуна өлкөдөгү социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү тактоону жана каржылык кырдаалды эске алуу менен 2011-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Ү.Жапаров) жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку кеңешинин Төрагасы

 

А. Келдибеков