Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-марты №263-V
Ош областындагы Ноокат районунун салык инспекциясынын бөлүмүнүн начальнигин өлтүрүү фактысы жана "Альфателеком" ЖАКынын имаратында болгон окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош областындагы Ноокат районунун салык инспекциясынын бөлүмүнүн начальнигин өлтүрүү фактысы жана "Альфателеком" ЖАКынын имаратында болгон окуя боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министри З.К.Рысалиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри З.К.Рысалиев Ош областындагы Ноокат районунун салык инспекциясынын бөлүмүнүн начальнигин өлтүрүү фактысын тергөөнүн жүрүшүндөгү Министрликтин кызматкерлеринин аракеттери жана 2011-жылдын 15-мартында Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасы Д.Д.Бекешевди "Альфателеком" ЖАКынын имаратына киргизүүдөн баш тартуусу боюнча кызматтык териштирүү жүргүзсүн, ошондой эле депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүн эске алуу менен көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А. Келдибеков
|