Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-марты №269-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын Жапон парламентинин Өкүлдөр Палатасынын жана Кеңешчилер Палатасынын депутаттарына кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын Жапон парламентинин Өкүлдөр Палатасынын жана Кеңешчилер Палатасынын депутаттарына кайрылуусу кабыл алынсын (тиркелет).
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А. Келдибеков
|
Урматтуу коллегалар,
|
|
Табияттын кырсыгы - катуу жер титирөөдөн жана цунамиден келип чыккан Жапониядагы адам курмандыктарын жана адамдардын турмуш-тиричилик объекттеринин кыйроолору жөнүндө кабарды биз терең кайгыруу менен кабыл алдык.
Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жалпы Жапон элине тилектештикти жана колдоо көрсөтүүнү билдиребиз.
Биз Жапонияга болуп өткөн кайгылуу кырсыктын кесепеттерин жоюуда зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даярбыз.
Сиздердин оор кайгыңыздарды жана орду толгус жоготууңуздарды тең бөлүшүү менен достук мамиледеги Жапон эли кыйынчылыктардын баардыгын татыктуу жеңип чыгып, өз жаратмандыктарын уланта берерине ишенебиз.
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары |
Жапон парламентинин Өкүлдөр Палатасынын жана Кеңешчилер Палатасынын депутаттарына Токио шаары
|
|