Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-марты №272-V
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстин жана Мамлекеттик желегинин сырткы көрүнүшүн өзгөртүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстин жана Мамлекеттик желегинин сырткы көрүнүшүн өзгөртүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) ар бир депутаттык фракциядан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, эксперттердин, коомчулуктун жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүнүн ичинен түзүлсүн.
2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«2. Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттары киргизилсин:
А.А. Арапбаев,
У.Т. Кочкоров,
Ж.А.Саматов - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
Э.Эрматов,
Т.З.Зулпукаров,
М.Г.Мадеминов - КСДП депутаттык фракциясынан;
А.М.Маматалиев,
К.К.Иманалиев,
К.Ж.Рыспаев - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;
Р.К.Акназарова,
К.С.Дыйканбаев,
М.И.Бакиров - "Республика" депутаттык фракциясынан;
К.С.Самаков,
Ж.Р.Сапарбаев,
Р.Төлөгөнов - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А. Келдибеков
|