Редакцияот 31.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 31-марты №280-V

Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Лейлек районунда чек арага жанаша жаткан жерлерге жана Баткен областынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу менен байланыштуу кырдаалды иликтөө боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Лейлек районунда чек арага жанаша жаткан жерлерге жана Баткен областынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу менен байланыштуу кырдаалды иликтөө боюнча убактылуу комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен төмөнкү курамда түзүлсүн:

Б.А.Мамырова - Комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары.

Комиссиянын мүчөлөрү:

У.Т.Кочкоров - "Ата-Журт" фракциясынан депутат;

Ж.К.Исаев - КСДП фракциясынан депутат;

К.А.Талиева - "Ар-Намыс" фракциясынан депутат;

К.К.Иманалиев - "Ар-Намыс" фракциясынан депутат;

Н.Т.Арипов - "Республика" фракциясынан депутат;

Т.Балтабаев - "Ата Мекен" фракциясынан депутат;

Ж.Р.Сапарбаев - "Ата Мекен" фракциясынан депутат;

А.А.Досалиев - "Ата Мекен" фракциясынан депутат;

Ө.Т.Бабанов - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;

Ш.Э.Атаханов - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

К.А.Душебаев - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;

Н.Б.Набиев - Кыргыз Республикасынын Аскер прокурорунун орун басары;

К.А.Искандаров - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек арага жанаша жаткан аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.

2. Комиссия Баткен областына баруунун натыйжалары боюнча жасалган иш жөнүндө отчетту 2011-жылдын 10-апрелине чейин берсин.

3. Комиссиянын ишинин натыйжалары жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А. Келдибеков