Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-марты №282-V
"Кыргыз Республикасынын судьяларын тандап алуу боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Н.Жапаров, Ө.Ч.Текебаев, Ф.Ш.Кулов, Д.Ө.Тербишалиев жана К.К.Исаев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын судьяларын тандап алуу боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (С.Н.Жапаров) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А. Келдибеков
|