Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-марты № 288-V
2010-жылдын 7-апрелиндеги тополоңдо курман болгондор жөнүндө анык эмес маалыматтар тууралуу
2010-жылдын 7-апрелиндеги тополоңдо курман болгондор жөнүндө анык эмес маалыматтарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- 2010-жылдын 7-апрелиндеги тополоңдо курман болгондор жөнүндө анык эмес маалыматтар боюнча териштирүү жүргүзсүн;
- тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешип Маралбек Сатылганович Максымбековдун аты менен көмүлгөндүн инсанын белгилөө боюнча иш жүргүзсүн.
2. 2010-жылдын 7-апрелиндеги тополоңдо курман болгондордун тизмесинде жүргөн, 1963-жылы туулган жаран Маралбек Сатылганович Максымбековдун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук комитетине сунуш кылынсын:
3. Жогоруда көрсөтүлгөн жаранга карата коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алуу сот органдарынан өтүнүлсүн.
4. 2010-жылдын 7-апрелиндеги тополоңдо курман болгондор жөнүндө анык эмес маалыматтарды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында түзүлсүн:
М.А.Султанов - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
К.А.Талиева - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;
А.Т.Сулайманов - "Республика" депутаттык фракциясынан;
А.А.Досалиев - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан;
З.М.Алымбеков - КСДП депутаттык фракциясынан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |