Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-апрели № 311-V
Бишкек шаарында 2011-жылдын 8-февралында кол коюлган Транзиттик ташуулар борборун эксплуатациялоо үчүн отун сатып алууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 15-мартындагы № 106 токтом) "Бишкек шаарында 2011-жылдын 8-февралында кол коюлган Транзиттик ташуулар борборун эксплуатациялоо үчүн отун сатып алууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- негизги макулдашуунун шарттарын кайра кароонун эсебинен Транзиттик ташуулар борборуна реактивдүү отун жөнөтүү боюнча россиялык-кыргыз биргелешкен ишканасынын менчигиндеги мамлекеттик үлүштү 100 пайызга чейин көбөйтсүн;
- Транзиттик ташуулар борборуна жөнөтүлүүчү реактивдүү отунга салык киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында россиялык-кыргыз биргелешкен ишканасынын Директорлор кеңешинин курамына өзгөртүүлөр киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Б.Баатырбеков), ошондой эле Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.А.Арапбаев) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |