Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-апрели № 315-V
Сеул шаарында 2010-жылдын 30-ноябрында кол коюлган Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 24-февралындагы № 70 токтом) "Сеул шаарында 2010-жылдын 30-ноябрында кол коюлган Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |