Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-апрели № 339-V
"Жаш мугалимдин депозити" жана "Врачтын депозити" программаларынын катышуучуларына акча каражаттарын берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө
Айылдык мектептердин жаш педагогдорун жана врачтарды колдоо максатында мамлекет "Жаш мугалимдин депозити" жана "Врачтын депозити" программаларын иштеп чыккан жана жайылткан. Билим берүү мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде 3 жылдык мөөнөт иштегенден кийин бул программалардын катышуучуларына программалардын катышуучуларынын жеке эсебинде топтолгон акча каражаттары төлөнүп берилет. Бирок, көрсөтүлгөн акча каражаттарын төлөп берүү Бишкек шаарындагы "РСК Банк" ААКсынын башкы офисинде жүзөгө ашырылат. Акча каражаттарын төлөп берүүнүн белгиленген тартиби Бишкек шаарына барууга программалардын катышуучуларынын кошумча каржылык чыгымдарды тартышына алып келүүдө. Жогоруда баяндалган жагдайларды, ошондой эле көрсөтүлгөн жол-жобону жөнөкөйлөштүрүүнүн жана жаш педагогдор, врачтар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн зарылдыгын таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2011-жылдын 15-майына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- "Жаш мугалимдин депозити" жана "Врачтын депозити" программалары боюнча төлөп берүүлөрдү программалардын катышуучуларына алардын иштеген жери боюнча же "РСК Банк" ААКсынын жергиликтүү бөлүмдөрүндө уюштуруу;
- ушул токтомду аткаруу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдоо.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин тармактык комитеттерине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |