Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 4-февралындагы № 239-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 21-апрели № 340-V

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" мамлекеттик ишканасы жөнүндө

"Кыргызтуракжайкоммунбирлик" мамлекеттик ишканасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Н.Жапаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:

- "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" мамлекеттик ишканасын жоюу. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 23-пунктуна ылайык "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" мамлекеттик ишканасынын иш-милдеттери өз алдынча башкаруунун жергиликтүү органдарына өткөрүлүп берилсин, анткени бул маселе Мыйзам менен бийликтин жергиликтүү органдарынын компетенциясына таандык кылынган;

- ишканага бекитилип берилген жана иш-милдеттерин аткаруу үчүн ишканалар, уюмдар тарабынан өткөрүлүп берилген жана өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында сатылып алынган мүлктү жана материалдык баалуулуктарды каттап-тизмектөөнү жүргүзсүн;

- жылуулук менен жабдууну камсыз кылуу үчүн 2011-2012-жылдарга "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" мамлекеттик ишканасына бөлүнүп берилген бюджеттик каражаттарды областтар жана республикалык маанидеги шаарлар боюнча бөлүп берүүгө, аларды жеринде жылуулук менен жабдууну уюштурууну субсидиялоо үчүн областтар менен Бишкек жана Ош шаарларынын каржы башкармалыктарынын эсептерине 2011-жылдын 30-майына чейин которуп берүүгө милдеттендирилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:

- "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата мурда козголгон жазык иштери боюнча тергөөнү аяктасын;

- аларды тергөөнүн натыйжалары жөнүндө маалымат берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.А.Арапбаев) жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Жээнбеков