Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-апрели № 342-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин чагылдыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорацнясынын Башкы директору К.Т.Оторбаевдин маалыматы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин чагылдыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору К.Т.Оторбаевдин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын маалыматтык мейкиндигинин турукташтыруу, жарандык контролдун механизмдерин жайылтуу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын коомдук берүүлөрүнүн ролун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы" (мындан ары - КТРК) деген аталыш менен Коомдук телерадиоберүү статусу берилген.
Кыргыз Республикасы, анын ички жана тышкы саясаты жөнүндө калыс маалыматтарды, расмий билдирүүлөрдү жайылтуу; мамлекеттик бийлик органдарынын иши, социалдык-саясий жана башка окуялар жөнүндө, ошондой эле өлкөдө жана чет өлкөлөрдө болуп жаткан процесстер тууралуу керектөөчүлөргө оперативдүү маалымдоо КТРКнын негизги милдеттеринин бири болуп саналат.
КТРКнын телеберүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши (Жогорку Кеңештин, депутаттык фракциялардын, комитеттердин жыйналыштары) үзгүлтүксүз чагылдырылып турат. Депутаттар мыйзам чыгаруу ишине жана республиканын башка социалдык-экономикалык маселелерине тиешелүү ар кыл берүүлөргө чакырылып турат.
КТРКнын ишиндеги өзгөрүүлөр көзгө көрүнөрлүк, жаңылыктарды көрсөтүүнүн жана башка берүүлөрдүн сапаты жакшырууда, ошону менен бирге каналдын ишинде илимдин, жаңы технологиялардын, билим берүүнүн, медицинанын, спорттун, тарыхтын жана маданияттын маселелерине жетишсиз көңүл бурулууда. Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин чагылдырууда айрым кемчиликтер бар, атап айтканда:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштары, депутаттык фракциялардын иши, комитеттердин жыйналыштары жөнүндө телерадиоберүүлөрдө басым негизинен терс (чатактуу) учурларга коюлат;
- мыйзам долбоорлорун талкуулоо жөнүндө телерадиоберүүлөрдө алардын маңызы ачылбай, аларга кызыкчылыгы бар адамдар гана чакырылат;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар, ошондой эле чет өлкөлүк делегациялар менен жолугушууларына көңүл аз бурулат;
- мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын ишин чагылдырууда теңчилик сакталбайт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин чагылдыруу жөнүндө КТРКнын Башкы директору К.Т.Оторбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция менен биргелешип бул иш-чараны Ош шаарын өнүктүрүү программасына киргизүү жана бул максаттар үчүн инвестицияларды тартуу менен Ош шаарында КТРКнын филиалын ачуу сунуш кылынсын;
- "Кыргызтелеком" ААКсы жана КТРК менен биргелешип республиканын алыскы, жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу калктуу конуштарында мамлекеттик тилде телекөрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча программа иштеп чыксын;
- КТРКнын бюджетин көбөйтүү жөнүндө маселени карасын;
- Россия Федерациясынын жана КМШга катышкан мамлекеттердин окшош телерадиокомпаниялары менен аларда КТРКнын теле- жана радиожурналисттерин стажировкадан өткөрүү жөнүндө келишимдерди түзүүгө демилге көтөрсүн;
- маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу максатында "ТРРМ" РӨБны "Кыргызтелеком" ААКсынын курамынан чыгарсын жана аны менчиктештирүүгө жатпаган стратегиялык объекттердин тизмесине киргизсин.
3. КТРКнын жетекчилиги:
- көпчүлүктүн коалициясынын жана оппозициянын ишине тең көңүл буруу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин оперативдүү жана калыс чагылдыруу боюнча чараларды көрсүн;
- улуттук идеологияны ишке ашыруу, өсүп келе жаткан муундарды агартуу максатында республиканын чыгаан инсандары жөнүндө, маданияттын белгилүү ишмерлери, кыргыз элинин элдик чыгармачылыгы, улуттук салттары тууралуу атайын программа ачсын;
- айыл чарбасында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, ошондой эле алдыңкы технологияларды жана өндүрүштүн усулдарын колдонуу жөнүндө айылдын чарбакер субъекттерге кеңири маалымдоо максатында айына обого 2 жолу чыккан "Айыл турмушу" же "Оп майда" атайын берүүсүн түзсүн;
- өлкөдө кыргыз тилин кеңири жайылтуу саясатына байланыштуу кыргыз тили эне тили болуп саналбагандар үчүн жөнөкөй базалык кыргыз тилине окутуп-үйрөтүү боюнча программа уюштурсун, мында кыргыз тилинин сабактары жумасына 3 жолу кеминде 15-20 мүнөт өткөрүлүүгө тийиш, ал эми программаны окутуу усулунун акыркы жетишкендиктерине ылайык түзүү зарыл;
- аларга катышууга чыгаан окумуштууларды, педагогдорду, искусство ишмерлерин жана жазуучуларды тартуу менен негизги максаты ар кыл типтеги билим берүү мекемелеринин (балдар бакчалары, мектептер, адистештирилген мектептер, кесиптик билим берүү уюмдары, жогорку окуу жайлар, жогорку окуу жайлардан кийинки уюмдар, көмөкчү балдар мекемелери) педагогикалык жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу болуп саналган телеберүүлөрдүн туруктуу иштеген, үзгүлтүксүз циклин түзсүн;
- Сулайман тоосунун этегинде жайгашкан КТРКнын имаратын ремонттоп жана калыбына келтирип, Ош шаарында КТРКнын филиалын ачуу жөнүндө маселени карасын.
4. КТРК:
- мыйзам долбоорлорун талкуулоого арналган телерадиоберүүлөрдө алардын маңызын жана маанисин толугураак ачып берсин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ишин ар тараптуу чагылдырууга өзгөчө көңүл бурсун, депутаттардын катышуусу менен өзүнчө телерадиоберүүлөрдү ("Парламент" берүүсүнөн тышкары) уюштурсун;
- 2011-жылдын 1-майына чейин "Парламент" берүүсүн (жумасына 2 жолу 22 саат 10 мүнөттө 40 мүнөт көлөмүндө) кайра жаңыртсын;
- "Парламент", "Маданият жана дин", "Спорт", "Билим берүү" өзүнчө каналдарын ачууну кароо менен цифралык телекөрсөтүүгө тез режимде өтүү боюнча сунушту карасын;
- жарандарды укуктук агартуу жана алардын мыйзамдуулукту сакташынын максатында "Адам жана мыйзам", "Укук жана мыйзам" сыяктуу берүүлөрдүн циклин ачсын;
- өзгөчө кыргыз жана өзбек жаштарынын арасында улуттар аралык мамилелерди, достукту, ынтымакты жакшыртууга, чыңдоого арналган телерадиоберүүлөрдү көрсөтсүн жана уктурсун.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитетине (Ж.А.Джолдошова) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |