Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-апрели № 344-V
2010-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жана корголушу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Акундун баяндамасы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жана корголушу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Акундун баяндамасы жактырылбасын.
2. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Акундун 2010-жылдагы иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Акундун баяндамасы бүтүндөйүнөн жалпыга маалымдоо каражаттарынан алынган маалыматтарга негизделгендиги белгиленсин. Мында ал тарабынан баяндамада баяндалган адамдын жана жарандын укуктарын бузууларды четтетүү боюнча иш тиешелүү түрдө жүргүзүлгөн эмес.
4. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Акун тарабынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын айрым кызматкерлеринин эмгектик укуктары бузулгандыгы жөнүндө Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин мүчөсү Т.Бакир уулунун сын-пикирлери белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Акундун баяндамасында берилген адам укуктарын бузуулардын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишине тоскоолдук кылуунун фактылары боюнча материалдарды талдап, тиешелүү кызмат адамдарына карата чараларды көрсүн жана алар боюнча маалыматты Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине 2011-жылдын 1-июнуна чейин берсин;
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Акундун баяндамасында берилген материалдарды талдасын жана төмөнкү укук бузуулардын фактылары боюнча чаралар көрсүн:
- билим берүү мекемелеринде акча каражаттарын мыйзамсыз алуунун;
- адам укуктарын;
- жер мыйзамдарын;
- менчик укуктарын;
- аскерде уставга жатпаган мамилелер, "аксакалдык" боюнча иштерден жашыруундуулук грифин алып салсын (2010-жылдын 31-январындагы КР БПнын № 2 "ж" буйругун жокко чыгарсын) жана аларды ачыкка чыгарсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй зарыл иш-чараларды жүргүзсүн:
- мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү тутумун реформалоо боюнча;
- пенсиялык активдерди инвестициялоо, аларды эсепке алуу, идентификациялоо жана жекелештирүү тутумун киргизүү боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жана жаштардын өкмөттүк эмес уюмдары менен биргелешип жогорку окуу жайларынын билим берүү процессине адам укуктары боюнча модулду иштеп чыгуу жана жайылтуу, жаштарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик стратегияны жаңыртуу боюнча.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Д.Д.Бекешев) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |