Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-апрели № 354-V
Жаран А.Жаныбековдун арызына карата чаралар жөнүндө
Арыздануучунун уулу болуп саналган, Ош областындагы Ноокат РИИБсынын оперативдүү кызматкери Айбек Абдыкапарович Жаныбековдун кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондугу жөнүндө А.Жаныбековдун арызына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы курман болуунун чыныгы себептерин табуу жана анын жетекчилеринин күнөөлүүлүк даражасын аныктоо үчүн Ноокат РИИБсынын кызматкери А.А.Жаныбековдун киши колдуу болуп өлүшүнүн фактысы боюнча жазык ишин козгосун.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Ноокат РИИБсынын курман болгон кызматкери А.А.Жаныбековдун түздөн-түз жетекчилерине карата салкын мамиле жасоо фактысы боюнча өзүнүн кызматтык териштирүүсүн жүргүзсүн жана болгон кайгылуу окуянын күнөөлүүлөрүнө карата жазык жоопкерчилигине чейинки эң катуу жаза чараларын көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү курман болгондун үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык компенсация берип, социалдык кепилдиктерди жана жеңилдиктерди аныктап, ошондой эле ай сайын берилүүчү пенсия белгилесин.
4. Ош шаарынын мэриясы курман болгондун үй-бүлөсүнө кезексиз квартира бөлүп берүү жөнүндө маселени карасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |