Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-апрели № 363-V
Кыргыз Республикасындагы Ош областынын Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык округунун Беш-Үй участогунун аянты 18 гектар кайрак жерин айыл чарбасына жарактуу жерлердин башка категориясына трансформациялоо (которуу) менен Барак анклавынын тургундары үчүн турак жай курууга бөлүп берүү жөнүндө
Ош областынын Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык округунун Барак анклавынын тургундарынын чек арага жанаша жаткан жайгашуусу жана турак жай маселелери менен байланышкан көйгөйлөрүн чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы Ош областынын Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык округунун Беш-Үй участогунун аянты 18 гектар кайрак жери айыл чарбасына жарактуу жерлердин башка категориясына трансформациялоо (которуу) менен Барак анклавынын тургундары үчүн турак жай курууга бөлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жогоруда көрсөтүлгөн аянты 18 гектар кайрак жерди Ош областынын Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык округунун Барак анклавынын тургундары үчүн бөлүп берүү боюнча зарыл болгон жол-жоболорду жүзөгө ашырсын.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп, аны 2011-жылдын 10-майына чейин ишке ашырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Э.А.Сакебаев) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |