Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-апрели № 370-V
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу боюнча комплекстүү чаралар тууралуу
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу боюнча комплекстүү чаралар тууралуу маселени карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн мамлекет зарыл шарттарды түзүп, мамлекеттик тилди колдоо жана жайылтуу боюнча мамлекеттик программаларды кабыл алат жана ишке ашырат. Бирок, бул Мыйзам кабыл алынган учурдан тартып өткөн мезгилдин ичинде анын ченемдеринин көпчүлүгү мамлекеттик саясатта чагылдырылбай, чыныгы мазмунга каныкпаган бойдон калды. Мына ушуга байланыштуу азыркы коомдун иш жүзүндөгү муктаждыктарын эске алуучу мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча чаралардын комплексин кабыл алуунун зарылдыгы бышып жетилди.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерин болушунча ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 9-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргелешип каржылоонун булактарын аныктоо менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн, жайылтуунун жана пайдалануунун жалпы мамлекеттик программасын иштеп чыксын жана аны 2011-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди үйрөнүү жана өздөштүрүү үчүн өз кызматкерлерине зарыл шарттарды түзүү мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине тапшырсын;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык жогорку окуу жайларында, жалпы билим берүү мекемелеринде (мектептерде, лицейлерде, гимназияларда), мектепке чейинки мекемелерде (бала бакчаларда) кыргыз тилин окутуп-үйрөтүү боюнча окуу сааттарынын санын көбөйтүү маселесин карасын; калкты кыргыз тилине үйрөтүүнүн түрү катары чет өлкөлөрдөн чыгарылган илимий-популярдуу, билим берүүчүлүк, документалдуу, телевизиондук, мультипликациялык жана көркөм фильмдерди мамлекеттик тилге которууну (дубляжды) камсыз кылуу боюнча механизмдерди иштеп чыксын;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык мамлекеттик тилди толук колдоо үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан пайдаланылуучу компьютерлерди программалык камсыз кылуу менен милдеттүү комплектөөнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик бюджеттен каражаттарды карасын;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик билим берүү уюмдарына компьютерлерди сатып алуу боюнча тендерлердин шарттарына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин толук колдоо үчүн программалардын милдеттүү түрдө болушу тууралуу ченемди киргизсин;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде жалпы колдонуудагы төп келүүчүлүгү жок чет өлкөлүк терминдерди албаганда кыргыз адабий тилинин ченемдерине ылайык келбеген сөздөр менен сөз айкалыштарын пайдаланган кепти камтыган берүүлөрдү обого чыгарууга жол бербөө мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарына милдеттендирилсин, ошондой эле менчик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарына сунуш кылынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү илим маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Ж.А.Джолдошова) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |