Редакцияот 22.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 22-апрели № 375-V

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" ("Акционердик коомдор жөнүндө" жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун четке кагуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 2-мартындагы № 90 токтом) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" ("Акционердик коомдор жөнүндө" жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору четке кагылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп табуу тууралуу жана "Акционердик коомдор жөнүндө" жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А.Келдибеков