Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-апрели № 380-V
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Акыйкатчынын (Омбудсмендин) баяндамасынын жактырылбагандыгына жана Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Жогорку Кеңештин комитети менен Жогорку Кеңештин регламенти жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча Жогорку Кеңештин комитети 2011-жылдын 17-январында түзгөн жумушчу топтун корутундусунда көрсөтүлгөн антын бузууга, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-февралындагы № 214-V токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлеринен келип түшкөн даттанууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 8-пунктун жетекчиликке алып, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 163-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын комиссиясы (мындан ары - Атайын комиссия) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында түзүлсүн:
А.К.Кочкорбаев,
Н.А.Нарматова - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
З.С.Жоошбеков,
Б.С.Кадыров - КСДП депутаттык фракциясынан;
У.А.Аманбаева,
К.С.Айтматов - "Республика" депутаттык фракциясынан";
Т.В.Левина,
Н.Н.Бадыкеева - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;
Ж.Р.Сапарбаев,
А.А.Досалиев - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан.
2. Атайын комиссия өз корутундусун 7 жумушчу күндүн ичинде даярдасын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |