Редакцияот 28.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 28-апрели № 389-V

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" ("Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Арапбаев, У.С.Чолпонбаев жана А.К.Келдибеков тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" ("Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

Б.Төрөбаев