КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-апрели № 391-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" ("Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Арапбаев, У.С.Чолпонбаев жана А.К.Келдибеков тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" ("Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
Б.Төрөбаев |