Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-апрели № 397-V
2011-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун тандап алуу боюнча тендерге катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ичинен талапкерликтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
- 2011-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун тандап алуу боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын талапкерликтери сунуш кылынсын:
М.И.Бакировдун - "Республика" депутаттык фракциясынан;
З.И.Бекбоевдин - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;
Р.Б.Жээнбековдун - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан;
У.Т.Кочкоровдун - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
М.Г.Мадеминовдун - КСДП депутаттык фракциясынан;
А.Ш.Султановдун - КСДП депутаттык фракциясынан;
- тендердик комиссиянын иши үчүн тиешелүү шарттарды белгиленген тартипте камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
Б.Төрөбаев |