Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-майы № 426-V
"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2010-жылдын 25-мартындагы № 176 токтом) "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (И.А.Пирматов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Келдибеков
|