Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-майы № 428-V
Баткен областынын аймагында жайгашкан жана "Өзбекнефтегаз" улуттук холдингдик компаниясы тарабынан эксплуатацияланып жаткан "Түндүк Сох" жер астындагы газ сактоочу жайды, "Түндүк Сох" жана "Чоңгара-Галча" газ-мунай чыккан жерлерди Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына кайтарып алуу жөнүндө
Баткен областынын аймагында жайгашкан жана "Өзбекнефтегаз" улуттук холдингдик компаниясы тарабынан эксплуатацияланып жаткан "Түндүк Сох" жер астындагы газ сактоочу жайды, "Түндүк Сох" жана "Чоңгара-Галча" газ-мунай чыккан жерлерди Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына кайтарып алуу боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ш.Е.Атахановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
"Түндүк Сох" мунай-газ чыккан жер 1955-жылы ачылган жана 123 скважина орнотулган. 1993-жылдын 1-ноябрына карата "Фергананефть" мунай-газ казып алуучу башкарманын (МГКБ) алынган маалыматтар боюнча алар: 3 скважина газ, 24 скважина - мунай берген. Мында газ скважиналардын дебити суткасына 2,0 миң куб.м ду, мунайды суткалык казып алуу 47 тоннаны түзгөн.
1976-жылдан тартып "Түндүк Сох" газ чыккан жер газды сордуруп алууга которулуу менен азыркы убакта жер астындагы газ сактоочу жай (ГЖС) катары пайдаланылууда.
"Түндүк Сох" ГЖСында газды сордуруп алуунун орточо жылдык көлөмү 6,5 млрд. куб.м га жакынды түзөт.
"Чоңгара-Галча" мунай чыккан жер 1956-жылы ачылып, 89 скважина орнотулган. 1993-жылдын 1-январына иштеп жаткан фонд 20 скважинаны түзүп, анын ичинде 12си мунайлык, 8и кызытуучу болуп, калгандары жоюлган.
1991-жылдан тартып өзбек тарап көрсөтүлгөн кен чыккан жерлерди жана жер астындагы газ сактоочу жайдын учурдагы параметрлери жөнүндө эч кандай маалыматтарды бербей келе жатат.
Жогоруда аталган мунай-газ чыгуучу жерлерди жана жер астындагы газ сактоочу жайды өткөрүп берүү жөнүндө маселе 1999-жылдан тартып эки республиканын өкмөттөрү тарабынан бир нече жолу каралган.
Аталышы бирдей жер астындагы газ сактоочу жай анын аймагында болгон "Түндүк Сох" жана "Чоңгара-Галча" мунай менен газ чыгуучу жерлер азыркы кыргыз-өзбек чек арасынын талашсыз кыргыз аймагынын тереңинде жайгашкан.
2009-жылы мунай-газ объекттерин Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына кайтарып алууну тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-январындагы № 22-т тескемеси менен "Амин" ЖЧКсына бул объекттерди Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына өткөрүп берүү жөнүндө маселени өзбек тарабы менен иштеп чыгуу тапшырылган. "Амин" ЖЧКсы тарабынан бул маселе боюнча эч нерсе жасалган эмес, ошондуктан ал тиешелүү лицензиясынан ажыратылган.
Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун Өзбекстан Республикасынын субъекттерине бардык кайрылуулары жоопсуз калтырылып, бул маселе эки республиканын жогорку жетекчилигинин деңгээлинде гана чечилиши мүмкүн экендиги эле кабарланат.
1992-жылдын 9-октябрындагы КМШнын мамлекет башчылары тарабынан Бишкек шаарында кол коюлган жана КМШ өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасынын ортосундагы менчик укугунун мамилелерин жөнгө салуучу негизги документ болуп саналган Менчик укуктарын өз ара таануу жана мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга ылайык ар бир тарап 1990-жылдын 1-декабрына карата ССР Союзунун курамындагы башка мурдагы республикалардын мамлекеттик башкаруу органдарынын караштуулугунда болгон, анын аймагында жайгашкан объекттерге башка тараптын менчик укугун тааныйт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы азыркы чек аралардын чегинде өлкөнүн аймагынын бүтүндүгүнө жана кол тийбестигине кепилдик берет. Бирок иш жүзүндө Өкмөт менен тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр жана биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги ушул конституциялык ченемди аткарууну камсыз кылбай, Өзбекстан Республикасынын субъекттерине мамлекеттик чек арадан тоскоолдуксуз өтүүнү жана кыргыз тарабына тиешелүү болгон мүлктү өз билгениндей тескөөгө мүмкүнчүлүк берүүдө.
Натыйжада Өзбекстан Республикасынын чарбакер субъекттери чек араны демаркациялоонун жана делимитациялоонун аяктабагандыгына шилтеме жасап, мүлктүк маселелерди чечүүнү белгисиз убакка чейин создуктурууга ар кандай аракеттерди жасоо менен пайдалуу кендерди, казып алуу, чалгындоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга эч бир уруксат берүүчү документтери жок туруп, жогоруда көрсөтүлгөн кен чыккан жерлерди эксплуатациялоону азыркы кезге чейин улантууда. Алардын мыйзамсыз эксплуатациялоосунун мезгилинде Кыргыз Республикасына АКШнын 500 млн. долларына зыян келтирилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 33 тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен биргелешип, Экономикалык тескөө министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн маселени чечүүнү тездетүү жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйналышынын кароосуна киргизүү тапшырылган.
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 2009-жылдын 28-декабрындагы Жетинчи жыйналышынын протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 28-т тескемеси менен Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мүлктүк маселелерди кароо боюнча комиссиянын Кыргыз бөлүгүнүн жумушчу тобу түзүлүп, ал тарабынан 2010-жылдын 25-декабрында тиешелүү корутунду даярдалган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө макулдашууга жиберилген.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен областынын аймагында жайгашкан жана "Өзбекнефтегаз" улуттук холдингдик компаниясы тарабынан эксплуатацияланып жаткан "Түндүк Сох" жер астындагы газ сактоочу жайды, "Түндүк Сох" жана "Чоңгара-Галча" газ-мунай чыккан жерлерди Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына кайтарып алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги олуттуу кемчиликтер белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- жогоруда көрсөтүлгөн объекттерди Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына кайтарып алуу жана алар мыйзамсыз эксплуатацияланган бүткүл мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасына келтирилген зыяндын ордун өзбек тарабынан толтурулушу боюнча бардык зарыл чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүргүзүлүп жаткан газ-мунай чийки заттарын түтүк боюнча ташууга, иштеп чыгууга, сактоого жана ташып кетүү менен "Түндүк Сох" жана "Чоңгара-Галча" кен чыккан жерлерди иштетүүгө тыюу салсын;
- "Түндүк Сох" жана "Чонгара-Галча" газ-мунай чыккан жерлерди иштетүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин балансына, "Түндүк Сох" жер астындагы газ сактоочу жайды "Кыргызнефтегаз" ААКсынын балансына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен мунай продукцияларын казып алууну жана сактоону жүзөгө ашыруучу кызматкерлер менен техниканы өткөрүүгө тыюу салсын;
- ортомчулардын ыйгарым укуктарын мамлекеттик эмес компанияларга берүүнүн практикасын токтотсун;
- ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2011-жылдын 1-сентябрына карата маалымдасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети (А.А.Арапбаев) менен Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине (И.И.Исаков) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков
|