Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-майы № 455-V
"Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Иманалиев, А.Т.Алтыбаева тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Ниязалиева, Г.А.Скрипкина, Т.Мадылбеков жана А.Ш.Жээнбеков тарабынан демилге көтөрүлгөн "Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 66 жылдыгына байланыштуу жана 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги кайгылуу окуяларга катышкан Кыргыз Республикасынын баатырларынын урматына мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети тарабынан киргизилген "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (С.Н.Жапаров) жогоруда көрсөтүлгөн бириктирилген Мыйзам долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Бакир уулу, К.А.Талиева жана Т.В.Левина тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына жана 2011-жылды Курманжан Датка жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бирдиктүү макулдашылган долбоорун экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Келдибеков
|