Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-майы № 459-V
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Н.Жапаровдун сунушу боюнча Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети тарабынан Кыргыз Республикасында туристтик индустрияны натыйжалуу өнүктүрүүнүн зарылдыгы, маркетингдик саясатты күчөтүү жана туризмди өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу өлкө катары Кыргызстандын имиджин көтөрүү жөнүндө маселе киргизилген. Депутаттар бул маселени колдоого алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-октябрындагы № 734 тескемеси эскирип кеткен, анткени анда 2010-жылга чейин туризмди өнүктүрүүнүн стратегиясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМинин МАИБсынын ЖККсы тарабынан өз автомашиналары менен келүүчү туристтерди көп сандаган текшерүүлөр менен байланышкан тоскоолдуктарды четтетүүнүн зарылдыгы каралган деген пикирди айткан. Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2011-жылдын 30-майына чейин төмөнкү ченемдик укуктук актыларды токтоосуз кабыл алуу тапшырылсын:
- 2011-жылдын 1-июнунан тартып 1-сентябрына чейинки мезгилде (мындан ары - туристтик мезгил) Кыргыз Республикасынын ИИМинин МАИБсынын ЖККсынын жана башка кызматтардын кызматкерлери тарабынан кызматтык тартипти бузууларга жол бербөө жөнүндө;
- бардык автомашиналарды, анын ичинде чет өлкөлүк номер белгилери бар автомашиналарды жол кыймылынын эрежелерин бузуунун олуттуу себептери менен шарттары жок токтотууга тыюу салуу жөнүндө;
- жол кыймылынын бардык катышуучуларына, өзгөчө чет өлкөлүк туристтерге маданияттуу жана сыпайы мамиле жасоо жөнүндө;
- туристтердин жашоосу үчүн мейманканалардын, менчик үйлөрдүн маалыматтар базасын, ошондой эле Ысык-Көл областында туристтик мезгилди уюштуруу боюнча башка зарыл маалыматтарды камтыган расмий сайтты иштеп чыгуу менен 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасынын туристтик индустриясын туруктуу өнүктүрүүнүн "Меймандос Кыргызстан" маркетингдик стратегиясы жөнүндө;
- Ысык-Көл областына баруучу жолдогу МАИнин бардык тосотторун алып салуу менен туристтик мезгилге Кызыл көпүрөдө МАИнин бир расмий тосотун белгилөө жөнүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы айыл чарба продукцияларын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча айыл чарба азыктарын алып өтүүнүн жана Казакстан Республикасынын тиешелүү кызматтары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө чейинки зарыл чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы Кыргыз Республикасынын жарандарын айыл чарба продукцияларынын санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайыктыгы жөнүндө зарыл болгон документтер менен өз убагында камсыз кылсын.
4. Ысык-Көл областынын губернатору 2011-жылдын 30-майына чейин Балыкчы шаарына кире бериштеги экологиялык тосотто көрмө байкоону жана автоматташтырылган шлагбаум коюуну камсыз кылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.А.Пирматов), Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Мадылбеков), Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Т.Сулайманов), ошондой эле Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Д.А.Ниязалиева) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков
|