Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-майы № 461-V
Кыргыз Республикасынын Төрагасынын жана Премьер-министринин атайын учууларынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Премьер-министринин атайын учууларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Премьер-министринин атайын учуулары "А" литери астында аткарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү авиациялык коопсуздук ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Ушул токтом кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Келдибеков
|