Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 14-майындагы № 462-V «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 462-V
Кабыл алынган
2011-жылдын 14-майы
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

Каттоо жана жарыялоо

Реестрде
2011-жылдын 27-майы

Реестрде

Минюст коду
70503

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция14.05.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 14-майы № 462-V

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө

Бүгүнкү күндө республиканын түштүгүндө калктын жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн күйүүчү-майлоочу материалдар жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз болуусунда өтө курч кырдаал түзүлдү. Көрсөтүлгөн товарлардын түрлөрүнө баалар кескин жогорулап, алардын өтө тартыштыгы сезилүүдө.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана жазгы талаа жана оруп-жыюу мезгилине көрсөтүлгөн товарлар менен ички рынокту толтуруу жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- "Кыргыз Республикасынын Бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык күйүүчү-майлоочу материалдарга жана минералдык жер семирткичтерге мезгилдүү ташып чыгуу (экспорттук) алымдарды товарлардын бажы наркынын 50 пайызынан кем эмес өлчөмдө киргизүү жөнүндө токтомду бир айлык мөөнөттө кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга киргизсин;

- күйүүчү-майлоочу материалдарды дүң жөнөтүүчүлөрүнө 10 тоннадан ашык көлөмдөгү автомобилдерге май куюучу станциялары жок чарбакер субъекттерге аларды сатууга тыюу салсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Т.Сулайманов) жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Келдибеков

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.