Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-майы № 476-V
Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- расмий булактардагы маалыматтардын ар башкалыгынын айынан Кыргыз Республикасынын аймагынын иш жүзүндөгү аянтын тактасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине так маалымат берсин;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына акысыз берилген жер үлүштөрүнө, ошондой эле Айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунда турган жерлерге карата комплекстүү саясат иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | А.Жээнбеков
|