Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-майы № 500-V
2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды изилдөө боюнча Эл аралык көз карандысыз комиссиянын отчету жөнүндө
2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды изилдөө боюнча Эл аралык көз карандысыз комиссиянын отчетун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын коомчулугунун пикирин эсепке алып, ошондой эле 2010-жылдын апрелинде-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды табуу жана изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматын, 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды изилдөө боюнча Эл аралык көз карандысыз комиссиянын отчетуна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн комментарийлерин, Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды изилдөө боюнча Эл аралык көз карандысыз комиссиянын отчетуна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн комментарийлерине макулдук берилсин.
2. 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды изилдөө боюнча Эл аралык көз карандысыз комиссиянын отчету:
- ички мыйзамдарда, ошондой эле эл аралык укуктун тутумунда юридикалык күчү жок;
- калыс эмес, бир жактуу, тынчтыкка, туруктуулукка жана жаңы чыр-чатактын алдын алууга, Кыргыз Республикасынын бардык тургундары үчүн тынч келечекти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтпөөчү, анын тескерисинче этностор ортосунда чыдамсыздыкты жана араздашууну (жек көрүүчүлүктү) пайда кылуучу, кийин Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч түзүүчү документ катары эсептелсин.
3. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык дүйнөлүк коомчулукка 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү кайгылуу окуялар жөнүндө анык эмес жана калыстыкка жатпаган маалымат берген, ошондой эле өз мекенинде чуулгандуу жана шектүү бедели бар адам катары Киммо Кильюнендин - 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды изилдөө боюнча Эл аралык көз карандысыз комиссиянын төрагасынын Кыргыз Республикасына келүүсүнүн, болуусунун (жашоосунун) мүмкүн эместиги жөнүндө чечим кабыл алуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү аркылуу 2010-жылдын апрелинде-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар жана шарттар жөнүндө чет өлкөлөрдө калыс жана ынанымдуу маалыматты жайылтуу үчүн зарыл болгон чаралардын баарын көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Ички иштер министрлиги этностор ортосундагы кастыкты кайрадан тутандырууга алып келүүчү анык эмес маалыматты даярдоого жана жайылтууга жол бербөө максатында бул маалыматты даярдоодо жана жайылтууда күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн зарыл болгон чаралардын баарын көрсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.И.Исаков), Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Б.Баатырбеков), ошондой эле Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Мадылбеков) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков
|