Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-майы № 501-V
Коммерциялык банктар жана чакан кредиттик компаниялар тарабынан кредиттерди берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө митингдин катышуучуларынын талаптары боюнча чаралар тууралуу
Чечилиши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын карамагына таандык болгон коммерциялык банктар жана чакан кредиттик компаниялар тарабынан кредиттерди берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө митингдин катышуучуларынын талаптарына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Улуттук банкына төмөнкүлөр тапшырылсын:
- митингдин катышуучуларынын талаптарын аткаруу боюнча зарыл чараларды көрүү;
- көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдоо.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Т.Сулайманов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков
|