Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-майы № 502-V
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун мурдагы милдетин аткаруучу К.К.Байболовдун сүйлөгөн сөзүндө баяндалган фактыларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо жөнүндө
2011-жылдын 1-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун мурдагы милдетин аткаруучу К.К.Байболовдун сүйлөгөн сөзүндө баяндалган фактыларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Ө.Т.Бабановго карата К.К.Байболов тарабынан айтылган далилдер ырасталган жок деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- банк ячейкаларынан алынган акча каражаттарын бөлүштүрүү жана пайдалануу фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн аракеттерине укуктук баа берсин;
- корутундунун баяндама бөлүгүндө жазылган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана Бишкек шаарынын прокуратурасынын кызматкерлеринин жоопкерчилигин карасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Г.А.Скрипкина) жана Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Мадылбеков) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков
|