Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-майы № 522-V
Саясий ишмерлердин - Кыргыз Республикасын негиздөөчүлөрүнүн үй-бүлөлөрүн материалдык колдоо жөнүндө
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн телчигишинин жана өнүгүшүнүн башатында А.Сыдыков, А.Орозбеков, Б.Исакеев, Ж.Абдрахманов, И.Айдарбеков, И.Раззаков сыяктуу саясий жана мамлекеттик ишмерлер турган. Алардын талыкпас саясий-коомдук ишинин, активдүү жарандык позициясынын жана жоопкерчилигинин, тажрыйбасынын жана билиминин аркасында бүгүн кыргыз мамлекети дүйнө коомчулугунун толук укуктуу мүчөсү болуп саналат.
Кыргызстандын көрсөтүлгөн мамлекеттик ишмерлеринин сиңирген эмгектерине таазим кылып, алардын балдарынын оор материалдык абалын жана курагынын улгайгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишмерлердин балдарына материалдык жардам түрүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын фондунан 300 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттар бөлүнүп берилсин (тизме тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суммадан тизмеге ылайык ар бирине 50 миң сомдон бөлүп берсин жана аларды даректелгендерге жеткирүүнү уюштурсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкаруучусуна жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 27-майындагы № 522-V токтомуна тиркеме |
№ | Аты-жөнү | Дареги | Эскертүү |
1. | Эрк Абдыкеримович Сыдыков (А.Сыдыковдун уулу) | Бишкек ш., Бөкөнбаев көч, үй №104, 3-кв. тел. 30 23 16 |
|
2. | Узгариш Абдикадирович Уразбеков (А.Орозбековдун уулу) | Бишкек ш., 5-кичирайону, үй №4, 77-кв. тел. 35 25 08 (кызы) |
|
3. | Лариса Баялиевна Исакеева (Б.Исакеевдин кызы) | Бишкек ш., Алыбаев көч., үй №19, 3-кв. тел. 41 74 08 |
|
4. | Ленина Юсуповна Абдрахманова (Ж.Абдрахмановдун кызы) | Бишкек ш., Манас проспекти, үй №39, 19-кв. тел. 54 70 12 |
|
5. | Зифаргуль Мусулманкуловна Айдарбекова (И.Айдарбековдун небереси) | Бишкек ш., Киев көч., үй №159, 8-кв. тел. 31 05 11 ийк.тел. 0555 91 99 67 |
|
6. | Эльмира Исхаковна Раззакова (И.Раззаковдун кызы) | Россия Федерациясы, Москва шаары | Москва шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги аркылуу жеткирилсин |