Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-майы № 523-V
Улуттар аралык мамилелерди андан ары чыңдоо боюнча чаралар жөнүндө
Акыркы мезгилдерде болуп өткөн терс окуяларга байланыштуу жана улуттар арасындагы ынтымакты андан ары чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 10-16-июну Кыргыз Республикасында улуттар ынтымагынын жумалыгы деп жарыялансын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып:
- 2010-жылдын 10-июнунда болуп өткөн кайгылуу Ош окуяларын чагылдырган сүрөттөр, видеороликтер маалымат булактарынан, интернет сайттарынан, телерадиоберүүлөрдөн толугу менен алып салынсын;
- республиканын бүткүл аймагында ар кандай деңгээлдерде ынтымакка, биримдикке, бири бирин урматтоого чакырган иш-чаралар өткөрүлсүн;
- ЭлТР менен КТРКда атайын телерадиоберүүлөр уюштурулсун.
Төрага | А.Келдибеков
|