Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-майы № 524-V
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын турмушка ашырылышына контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча текшерүү планын бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын турмушка ашырылышын контролдоону жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын турмушка ашырылышын контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча текшерүү планы бекитилсин (тиркелет).
2. Текшерүү планына киргизилген министрликтер ушул токтомдун аткарылышына байланыштуу уюштуруу маселелерин чечсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жогорку Кеңештин регламенти жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Абдиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 27-майындагы № 524-V токтомуна тиркеме
|
№ | Мамлекеттик органдын аталышы | Жүргүзүү мөөнөтү | Контролдонууга тийиш болгон маселелердин чөйрөсү |
1. | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги | 2011-жыл, июнь-июль | 1. Мамлекеттик органдын ишин регламенттөөчү ченемдик укуктук актылардын (жобо, регламент, нускама ж.б.) болушу, ошондой эле алардын мыйзамдардын талаптарына ылайык келиши. 2. Мамлекеттик органдын аппаратынын курамын сапаттык жана сандык талдоо. Кадр ишинин сапаты. Кадрларды дайындоого жана жылдырууга буйруктардын негиздери. Сынактык тандоо өткөрүлбөстөн дайындалуучу кызматтардын саны, алардын негиздемеси. Тандап алуунун квалификациялык талаптары. 3. Мамлекеттик органдын актыларынын жана чечимдеринин (буйруктар ж.у.с.) мыйзамдардын талаптарына ылайык келиши. 4. Мамлекеттик органдын аттестациялык-сынактык комиссиясынын иши: - сынактардын саны. Аларды өткөрүүнүн жол-жоболорунун жана тартибинин сакталышы; - аттестациялардын саны. Аларды өткөрүүнүн жол-жоболорунун жана тартибинин сакталышы. Аттестациядан өтпөй калган мамлекеттик кызматчылардын саны жана алар боюнча кабыл алынган кадрлык чечимдер; - өткөрүлгөн квалификациялык экзамендердин саны. Мамлекеттик кызматчыларга класстык чендер ыйгарылганбы, алардын ыйгарылышынын негиздемеси. 5. Мамлекеттик органдын статс-катчысынын ишинин мыйзамга ылайык келиши. 6. Мамлекеттик кызматчынын этикасынын сакталышына тиешелүү мыйзамдын ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдын иши. 7. Мамлекеттик кызматчынын кирешелери жана мүлкү жөнүндө декларацияларды өткөрүүнү уюштуруунун мөөнөттөрү менен тартибинин сакталышы. 8. Эмгек тартибинин сакталышы. Ички эмгек тартибинин маселелери кайсы ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат жана анын ченемдери колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык келеби? 9. Кызматтык териштирүүнүн (мамлекеттик кызматчыларга карата кызматтык териштирүү жүргүзүү фактылары барбы, эгерде болсо, анда алардын жыйынтыктары боюнча кандай чечимдер кабыл алынган) жыйынтыктары боюнча мамлекеттик орган кабыл алган чечимдерге мамлекеттик кызматчылардын даттанууларын кароону жүзөгө ашыруунун тартиби. 10. Жарандардын каттары, даттануулары жана арыздары менен иштөөнүн абалы. 11. Мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан жарандарды жеке маселелер боюнча кабыл алуунун уюштурулушу. 12. «Ишеним телефонунун», «коомдук кабыл алуунун» ишин талдоо. 13. Мамлекеттик органдын аппаратындагы аткаруу тартибинин абалы. 14. Мамлекеттик органда иш кагаздарынын уюштурулушу жана жүргүзүлүшү. 15. Кызматкерлердин эмгектик китепчелерин, жеке карточкаларын жүргүзүүнүн тартибинин сакталышы. 16. Мамлекеттик кызматчылардын өздүк делолорун жүргүзүүнүн тууралыгы жана толуктугу. 17. Мамлекеттик органдын кызматкерлеринин материалдык жана социалдык-тиричилик жактан камсыз кылынышы: эмгек акынын, сый акылардын өз убагында төлөнүшү, ишинин узактыгы, класстык чендер ж.б. үчүн үстөктөрдү белгилөөнүн тууралыгы. Мамлекеттик кызматчылардын укуктары менен кызыкчылыктарынын корголушу. 18. Мамлекеттик органдын ведомстволук караштуулугунда, түзүмдүк бөлүкчөлөрүндө мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышынын мониторингин жүзөгө ашыруу жана табылган эреже бузууларды четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар. 19. Мамлекеттик органдын кадр резерви (анын ишинин натыйжалуулугу, кадр резервдеринин курамын талдоо жүргүзүлөбү жана көрүлгөн чаралар) жана мыйзам менен каралган башка маселелер. |
2.
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 2011-жыл, июнь-июль |