Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 3-июну № 530-V
2010-жылдын кайгылуу июнь окуяларынан кийин Кыргыз Республикасынын аймагына ЕККУнун полиция консультациялык тобун жана ЕККУнун офицерлерин чакыруунун максатка ылайыктуулугун жана мыйзамдуулугун иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын кайгылуу июнь окуяларынан кийин Кыргыз Республикасынын аймагына ЕККУнун полиция консультациялык тобун жана ЕККУнун офицерлерин чакыруунун максатка ылайыктуулугун жана мыйзамдуулугун иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясы (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында түзүлсүн:
К.С.Айтматов
А.Б.Баатырбеков - "Республика" депутаттык фракциясынан;
Ж.К.Кудайбергенов
С.Эсеналиева - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
К.К.Иманалиев
К.А.Талиева - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;
Т.Мадылбеков
Р.А.Сабиров - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан;
Г.А.Скрипкина
Т.З.Зулпукаров - КСДП депутаттык фракциясынан.
2. Комиссия иштин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эки жумалык мөөнөттө маалымат берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Б.Баатырбеков), Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.И.Исаков), ошондой эле Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Мадылбеков) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Келдибеков
|