Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-июну № 532-V
"Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 27-майындагы № 260 токтом) "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Республикалык бюджеттен капиталдык салымдардын планын (2011-жылга республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык курулуш объекттеринин тизмеги) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылбагандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдөн бөлүнүп берилүүчү каражаттардын өз убагында келип түшүүсү камсыз кылсын:
- Кризиске каршы фонддон 106 млн. АКШ долл. өлчөмүндө (бюджетти колдоо);
- Европа коомдоштугунун комиссиясынын гранттарынан 988,8 млн. сом (15 млн. евро) суммасында - макрофинансылык колдоо.
Төрага | А.Келдибеков
|