КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-июну № 533-V
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 17-майындагы № 233 токтом) "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономиканын өнөр жай секторун андан ары өнүктүрүү максатында өнөр жай ишканаларынын негизги каражаттарды ремонттоо жана реконструкциялоо үчүн зарыл болгон товарларын КНСтен бошотууну караган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Төрага | А.Келдибеков
|