Редакцияот 09.06.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 9-июну № 547-V

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 30-апрелиндеги № 201 токтом) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Ж.А.Джолдошова) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

А.Келдибеков