Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-июну № 557-V
"Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
"Манас" эпосунун үчилтигин сактап калуу, өнүктүрүү жана даңзалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары К.К.Иманалиев, К.С.Самаков жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А.Келдибеков
|