Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-июну № 560-V
Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына байланыштуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин мамлекет жана парламент башчыларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусун кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына байланыштуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин мамлекет жана парламент башчыларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу кабыл алынсын (тиркелет).
Төрага | А.Келдибеков
|
Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына байланыштуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин мамлекет жана парламент башчыларына Кыргыз Республикасыны Жогорку Кеңешинин депутаттарынын
КАЙРЫЛУУСУ
ШКУнун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (Парламентинин) атынан чын жүрөктөн куттуктоону жана эң жылуу каалоолорду билдирүүгө уруксат этиңиздер.
ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Астанадагы юбилейлик саммити биздин элдердин тарыхындагы маанилүү окуя болуп каларына ишенебиз.
ШКУ түзүлгөн алгачкы күндөн тартып Кыргыз Республикасы анын көп кырдуу ишине эң активдүү түрдө катышып келе жатат. ШКУнун түзүлүшүн XXI кылымдын башталышынын региондук гана эмес, глобалдык масштабдагы урунттуу эл аралык окуялардын катарына аша чаппастан киргизүүгө болот. Бул уюм негизделген биринчи күндөн тартып дүйнөлүк коомчулуктун туруктуу көз кырында болуп, ал ШКУдан кубаттуу саясий жана соода-экономикалык дараметке ээ болгон азыркы кездеги келечеги кыйла кең ар тараптуу бирикмелердин бирин көрдү.
Уюм боюнча өнөктөштөрдүн өз ара мамилелеринде биз ШКУ - бул Борбордук Азия регионунда жана дүйнөдө коопсуздук менен туруктуулукту камсыз кылуу максатын өз алдына койгон кайталангыс көп тараптуу бирикме экендигине негизденебиз. Мындан тышкары, ал региондун мамлекеттеринин өз ара ишенимин, достугун жана ак ниет коңшулаштыгын чыңдоонун, алардын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү ар тараптуу өз ара аракеттерин бекемдөөнүн маанилүү жана таасирдүү аспабы болуп саналат.
Акыркы жылдарда улам барган сайын ШКУ бүткүл Евразия регионунда коопсуздукту камсыз кылуунун салмактуу факторуна айланууда. Анткени ШКУну түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн негиз болуучу максаты дал коопсуздуктун коркунучтары менен алдыга койгон маселелерине каршы аракеттенүү болуп саналат.
БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан ШКУ Борбордук Азиядагы коопсуздук жана туруктуулук маселелеринин үстүндө иштеген урунттуу региондук бирикме болуп саналат деп таанылышы эл аралык коомдоштуктун ишеними жөнүндө айтып турат. Көптөгөн эл аралык уюмдар (БУУ, АСЕАН, КМШ, ЕврАзЭК, ЖККУ, ЭСКАТО, ОЭС ж.у.с.) ШКУдан көп үмүттөнөт жана чоң күтүүлөрдү ШКУга байланыштырышат.
Жадагалса ШКУнун байкоочу өлкөлөрү болуп саналган Иран, Индия, Монголия жана Пакистан сыяктуу өлкөлөр ШКУ менен байланыштарды чыңдоого жана анын толук кандуу мүчөсү болууга үмүттөнгөндүгүн билдиргендиги мунун далили болуп саналат.
ШКУ Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү кайгылуу окуяларга биринчилерден болуп өз мамилесин билдирди. Биз коопсуздуктун өтө курч коркунучуна каршы турууну биргелешип жөнгө сала алдык жана Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү жагдайды калыбына келтирүүдө ШКУ барандуу роль ойноду. Болуп өткөн бардык окуяларга карабастан, ШКУнун багытындагы Кыргыз Республикасынын ишинде эч кандай тыным болбой, уюмга Кыргыз Республикасынын толук кандуу катышуусу жөнүндө эч кандай маселе пайда болгон жок жана бул эң оор кезенде көрсөтүлгөн мындай сыпаалык, мындай жолдошчулук, мындай "шанхай руху" өлкөнүн бийликтери тарабынан жогору бааланды.
ШКУ ири каржылык ресурстарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ. Акыркы убакта экономикалык гана эмес, маданий-гуманитардык кызматташтык да ШКУнун маанилүү артыкчылыгы болуп саналат. Бул ар кыл элдердин, диндердин, цивилизациялардын жана маданияттардын тынчтыкта биргелешип жашоосу жана өз ара пайдалуу кызматташуусу үчүн ШКУ үлгү болушу мүмкүн экендигинин дагы бир далили.
Ошону менен бирге ШКУ өнүгүү динамикасы боюнча көптөгөн эл аралык уюмдардан озуп келе жатат. Бирок бул эл аралык институттун бүткүл дараметин пайдалангыбыз жана уюмдун өнүгүүнүн жаңы этабына чыгышына көмөк болуу менен аны кыйла таасирдүү эл аралык институттардын катарына коюучу ШКУга мүчө мамлекеттердин Парламент Башчыларынын Кеңешин түзүүнү жана институттук жол-жоболоштурууну сунуш кылгыбыз келет.
Мындай институтту түзүү ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын бир түргө келтирүү жана айкалыштыруу сыяктуу актуалдуу маселелерди чечүүгө, ошондой эле ШКУнун алкагында түзүлгөн эл аралык макулдашуулардын кабыл алынышын жана күчүнө киришин шайкеш келтирүүгө мүмкүнчүлүк бермек.
ШКУга мүчө мамлекеттердин Парламент Башчыларынын Кеңеши анын алкагында азыр дүйнөдө болгон коркунучтар менен проблемаларды чечүүнүн натыйжалуу жолдору табыла турган натыйжалуу эл аралык парламенттик уюм болуп каларына үмүттөнгөндүгүбүздү билдиребиз.